-
чым
-
I зат. Тамырлары жыш таралып калын, чөп баскан жердин үстүнкү катмары, кыртышы жана ошол катмардын же кыртыштын кетмен ж. б. менен чаап бөлүнүп алынгандагысы. Келиндер.. күрөктөрүн кыртыштуу чымга батыра-батыра сайышат (Сыдыкбеков). [Шамбет] камчысынын сабы менен.. ташты түртүп, чымды алып таштап.. арыктарга суу жиберип коёт (Сыдыкбеков).
♦ Чым көң к. көң.
ЧЫМ II бөлүк. Чылк, чылкый, жалаң. Чым ак.
ЧЫМ III: чым этүү же чым дей түшүү — тыз дей түшүү, тызылдоо, тызтыз этүү. — Чиркин жигиттин дартына ырас эле жүрөгүңүз чым этпейби? (Каимов). Күлүканды көргөндө [Жумабектин].. жүрөгү чым дей түшөр эле (Касымбеков). Чым дебөө — кебелбөө, тоотпоо, сезбөө. Биздин жылкычылар түнү менен деле жаанда калган учурлары болот. Чым деп да коюшпайт (Байтемиров).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
чым