Найдены по другим направлениям
-
түтүн
-
зат. 1. Күйүүдөн пайда болуп, абага көтөрүлүп чыккан газ түрүндөгү заттардын жыйындысы. Күн чыга ар бир үйдөн суйдаң, көгүш түтүн булай баштады (Каимов). Күж-күж этип, Түтүн бүркүп, Даяр турат паровоз (Үмөталиев).
2. Өз алдынча бир үй-бүлө, өзүнчө бир үй эсебиндеги чарба бирдиги. Бул экөөбүздү жаңы түтүн эсебине каттады (Жантөшев). Эки жүз түтүн эли бар, Эпкиндүү кыйын кеби бар («Эр Табылды»). Түтүнү бөлөктүн — түйшүгү бөлөк (макал).
♦Түтүнмө-түтүн — үй баш сайын, ар бир үй сайын. Түтүнмө-түтүн кыдырып, Курсагы ашка тоюнду (Тоголок Молдо).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
түтүн