Меню
Эл-Сөздүк

толкун

зат. 1. Толкундап, чайпалуудан пайда болгон суунун жалданып өркөчтөнгөн кыймылы. Көлдүн бети тармалданып катуу толкун көтөрүлө тургандай болуп жатты (Сасыкбаев). Толкунду жиреп баратат, Тоо көлдүн сулуу кемеси (Бөкөнбаев).
2. Физикалык чөйрөдөгү термелүү кыймылы. Үн толкуну. Кыска толкундагы радио берүүлөр.
3. өт. Эпкин, илеп, күү. Электр тогу сыяктуу күчтүү толкун жүрөгүмдү аралап өттү (Сыдыкбеков). Эмгектин толкунунда кулач керген, Кубанып ким айланбайт биздин элден (Мидин).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: