|
орто
|
|
зат. 1. Эки четинен алганда борборго жакын турган тең аралык, орун, борбор чени, эки нерсенин арасы. Бир топ кыздардын ортосунда малдаш урунуп Тарас да олтурду (Сасыкбаев). Мектеп кыштактын ортосунда. Эки шаардын ортосу.
2. Мезгилдин башталышы менен аякталышынын ортолугундагы убакыт. Кыш ортосу. Түн ортосу.
3. Ар кандай белгилери, өзгөчөлүгү ж.б. жагынан абдан жогору да эмес, абдан төмөн да эмес, чоң да эмес, кичине да эмес, жакшы да эмес, жаман да эмес ж.б.
4. сүйл. Бардыгына таандык, жалпы; көпчүлүк, колхоз. Өгүз, атты кошмок болдум ортого, «Айткан эле чарба малдан берели» (Аалы). Ортонун малын коротпой, Орундалды ойдогум (Осмонкул).
♦ Ортого алуу — жалпы бардыгы кыстоого алуу, чогуу болушуп сөзгө алуу. Ортого салуу — 1) бар болгонун тең бөлүшүү, тең көрүү; 2) бардык болгон ишти ачык сүйлөшүү, жашырбай ачык айтуу, жалпы көпчүлүккө коюу. Орто заар к. заар III. Орто мектеп — он жылдык же он бир жылдык мектеп. Орто дыйкан к. дыйкан.
|