мөлтүрө этиш. 1. Мөлт-мөлт этүү, тунук көрүнүү. Сууларыңдын баары тунук мөлтүрөп (Акиев). 2. өт. Сулуу, татынакай көрүнүү. Мөлтүрөгөн сулуу кыз. Мөлтүрөгөн келинчек. 3. Ыйлаактап калуу. Басалбай жүрдү тентиреп, Балтыры шишип мөлтүрөп (Тоголок Молдо).