Меню
Эл-Сөздүк

ДИЛДЕ

ДИЛДЕ (иранча тилля — алтын)— 19-кылымда Чыгыш Түркстан менен Орто Азиядагы кандыктарда акча бирдиги катары колдонулуп келген алтын тыйын.
Дилдени санап сан кылып,
Бай Көкөтөй өлдү деп,
Дүнүйөгө даң кылып,
Жети кылым эл жыйып (Сагымбай Орозбаков, 3. 11).

Бир Д. орустун төрт күмүш сомуна барабар болгон. Эпосто кээде жалпы эле алтын деген мааниде да колдонула берет.

дилде

зат. Алтын, алтын акча, алтын буюм. Дилдени төөгө жүктөтүп, Жибектен аркан тарттырып («Эр Төштүк»). Дилде жүгөн каттырган («Манас»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: