Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: РАССЕДАТЬСЯ
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - галлюцинация
 

ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ

 
ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ (латынча hallueinatio — жөөлүү, көзгө көрүнүү) — манасчылардын чыгармачылык жактан калыптануусуна байланышкан психологиялык кубулуш. Бул адамдардын сезим органдары, кабылдоолору чындыкты тикеден тике чагылдыруудан эмес, бөлөкчө өтүүдөн пайда болуп, адаттан тышкаркы абалга дуушар болуудан келип чыгат. Мунун негизги түйүнү — адамдарды чексиз бийлеп алган күчтүү толгонуулар, толкундоолор, түйшөлүүлөр жана алардан жаралган фантазия — элестер. Ал эми ушул «психологиялык абалдар белгилүү бир чектерден чыкканда фантазия — элестер алар жаралган сезүү органдарын (көзгө, кулакка жана башкалар) тийиштүү аракеттерге келтирип, чынында эле болуп жаткан окуялардай таасирлерди туудуруп жиберет. Ар бир эле адам кээде жалгыз калганда кандайдыр бир үндөрдү уккансып, не бир кыймылдарды, же жыттарды сезгенсип, ал түгүл не бир караандарды көргөнсүп калган учурларды билет. Мындай учурларды галлюцинация дейт» (А. Салиев). Бул психологиялык кубулуш чоң илим, искусство багытында түйшүк тарткандарга кыйла мүнөздүү. Маселен, манасчы болуу оңойго турган эмес. Бул эпостун зор көлөмүнө, аны аткаруудагы ашкере акындык, ырчылык талантка байланышкан. Ушундан улам манасчылык өнөргө умтулган адам адегенде эле психологиялык кыйын кырдаалга туш келген. Үйрөнүүгө кадам таштагандан тартып эле манасчы болор бекемин деген үмүт-тилек аны сар-санаага, убайымга салып, ушул багытта издентип, түйшүктөнтүп, булар күчөнүп олтуруп терең толкундоолорду, толгонууларды, чыңалган эмоцияларды жаратып, акырында тийиштүү фантазия — элестерди пайда кылган. Манасчыларда бул кубулуш негизинен кереметтүү түш көрүү, аян берүү, дааруу менен түшүндүрүлөт. Мында эң эле мүнөздүү көрүнүш — кереметтүү түш көрүү. Көпчүлүк манасчылардын түш көрүүлөрү мазмуну жагынан дээрлик бири-бирине окшош келет. Дегинкисинде «түш көрүү аркылуу өзгөчө шыкка ээ болуу түрк элдеринде кеңири тараган, өзгөчө Орто Азия элдеринин бардыгында дээрлик жолуккан түшүнүк» (В. Жирмунский).
Манасчы болууда түш көрүүдөн башка көзгө көрүнүү да учурайт. Маселен, манасчы болууга аракеттенген адамдын түшүнө Манас же эпостун башка негизги каармандары кирип, кээде айрымдарга өңүндө жолугуп, манасчы болууга ишеним пайда кылып, шер байлаткан окуялар да кездешет. Буга Саякбай Карала уулу айкын мисал: «Орто-Токойдо айыл кыдырып, жарамазан айтып жүргөндө Саякбай Карала уулу жолдошторунан бөлүнүп, үйгө бет алат. Тар капчыгайдан өтүп келатканда кулак жарган укмуштай чаңырык чыгат. Тигил корккон бойдон атынын оозун коё берип, капчыгайдан өтө бергенде жол боюнда сонун өргөө туруп калган болот. Анын тушуна келгенде ашкере сулуу айым алдынан чыгып, аттан түшүп, даам тата кет, — деп кайрылат. Аң-таң болгон Саякбай атын мамыга байлай коюп, сулуу ачкан эшиктен кирсе, үйдө эч ким жок, дасторкон жайнаган дүйүм тамак, «уялба, уялба жигит, табактагылардын ар биринен даам тат» дейт. Жыртык жаргак шымынан кысынып, эптеп кымырынып-кымтынып, Саякбай сулуунун айтканын аткарат да, туруп кетмекчи болот. «Ай, жигит ай, неге шашасың, тамактан жеп кет» дегенине болбой, сыртка чыгат. Чыкса дүрбөгөн эле атчан жоокерлер. Чоң сакал карыя теминип-демитип кирип келет. Сол колунда аттын тизгин-чылбыры менен кошо кармаган найза, оң колун асынган баштыгына салып бир нерсе уучтап чыгып, «мына жигит, момуну оозуңа салып, чайнап жут» дейт. Же таруу эмес, же кум эмес бир нерсени уучтап алып оозума салсам, качырап чайналбайт. Какап-чакап жутуп жатам. Найзасы менен тап берип: «Бирөөнү калтырбай жут», — деп карыя ат үстүндө турат теминип. Анан тигил жоокерлерге кайрылып: «Мына бу Аккуланы мингенди өзүң билесиң. Наркысы — Алмамбет, тиги — Чубак, анын аркысы — Сыргак...» — деп эле санап кирет. «Андан кийин мына бул өз жолуңа чыкканда эки кой айдаган киши кезигет, ошол койлорду сатып алып, эл чакырып союп бер да, батасын ал, анан мына бул көргөндөрүңдүн баарын төкпөй-чачпай айтып жүр», — дейт да, карыя жоокерлерге бир ураан таштайт. Жоокерлер дүр коёт, жер дүңгүрөп эле чаң асманга көтөрүлүп калат. Баягы чаң тарап кетет, караса Саякбай бир таштын түбүндө олтуруп калган болот, тигил ак өргө да жок. Кунаны башын жерге салып нары жакта турат. Бир чети аң-таң болуп, бир чети не бир толкуган сезимдерге батып, Саякбай жөнөп калат. Бара жатып, чыны менен эле эки кой айдап бараткан кишиге жолугат, жарамазан айтып тапкан акчасын берип, эки койду алып кетет. Үйгө келип, аларды союп, эл чакырып бата алат, жанагыларды айтат» (А. Салиев, «Манас» жана Саякбай. «Ала-Тоо», 1988, № 8, 12-б.). Мына ушундан кийин эле ал уйкуда жатып да «Манас» айткан өнөкөткө туш болот. Албетте, мунун бардыгы Г-нын мыйзам ченеминен келип чыккан нерселер. Мындайча алганда «Манас» айтууга бүткүл дити менен берилип калган Саякбай Карала уулу анын күчтүү таасиринде жүрүп, нечен түркүн толкундоолорго, толгонууларга учурап, бул багыттагы эмоциялык чыңалуу ошол жарамазан айтып жүргөн мезгилде бөтөнчө абалга жеткен да, жанагыдай көзгө көрүнүүлөрдү, түш көрүүлөрдү пайда кылган. Кереметтүү түш көрүп, көзгө көрүнүп, арбак колдоп, касиеттүү күч даарып, аян берип «Манас» айтып калуу манасчылар үчүн психологиялык чоң өбөлгө. Буларды толук, кана кармагандарда бекем ишеним пайда болуп, чыгармачылыгынын андан нары уланышына мүмкүндүк ачылган. Бул психологиялык жагдайды окумуштуулар ар кандайча түшүндүрүшөт. Маселен, өздөрүнүн «Манас» тууралуу жазгандарында М. Ауэзов менен К. Рахматуллин манасчылардын жогорудагыга байланыштуу айткандарын алар өз өнөрлөрүн өтө сырдуу кылып көрсөтүү үчүн гана жасаган аракеттери катары карашкан. Албетте, мунун белгилүү даражада чындыгы бар. Бирок, ошондой болсо да, мында негизги нерсе «Манасты» айтууну сырдуу кылып көрсөтүү аркылуу өздөрүнүн өнөрүн мактоодо эмес, асыресе аны менен манасчылык өнөрдүн кашкайган өзгөчөлүгүнүн, дегеле «Манастын» ыйыктыгын, бөтөнчө маанисин баса белгилөө болуп саналган.
О. Исмаилов

галлюцинация

 
галлюцинация

галлюцинация

 
зит. Мээ кызматынын абалы начарлоодон, козголуудан улам көрүү, угуу, туюу ж. б. сезимдеринин тышкы таасирлерге байланышпаган жалган элестерди кабыл алуусу, жөөлүү, көзгө ар нерселер көрүнүү, угулуу.

Найти все переводы слова "галлюцинация" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "галлюцинация"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru