Меню
Эл-Сөздүк

Автономия

АВТОНОМИЯ (гр. autonomia – өзалдынча башкаруу, autos – өзүм жана nomos – мыйзам) – жалпы жонунан алганда, кандайдыр бир мекеменин, уюмдун, аймактык ж. б. коомчулуктардын тиричилик жагдайындагы өзалдынчалуулук деңгээлин көрсөткөн түшүнүк. Алар өзгөчөлүгүнө, мүнөзүнө, максатына жараша бири-биринен айырмаланып турат. Негизинен 2 топко бөлүнөт: мекемелер А-сы жана коомчулук А-сы. Ошол эле учурда мекемелер А-сы да каржылык, экономикалык, административдик деп ичара бөлүнүп, өзалдынча шашылыш чара көрүп, өзалдынча чечим кабыл алууга жөндөмдүү банк, ишкана, илимий борбор сыяктуу мекемелер тармактык иш-аракеттерине жараша айрым мамлекеттик органдар менен мекемелердин карамагында болот. Ал эми коомчулук А-сы аймактык жана накта аймактык болуп бөлүнүшү мүмкүн. Аймактык А. административдик-аймактык (чөлкөмдүк), улуттук-аймактык жана улуттук-мамлекеттик деп бөлүнөт. Аймактык А. саясий, же мыйзамдык А. деп да аталат. Биркатар өлкөлөрдүн конституциялык укугуна жараша, биртобу накта аймактык (маданий) өлкө катары да белгилүү (кара: Административдик-аймактык автономия , Улуттук-аймактык автономия , Улуттук-мамлекеттик автономия , Маданий автономия ).

автономия

зат. Ички закон чыгаруу жана башкаруу иштерин өз алдынча чечүү укугу; өзүн-өзү башкаруу.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоавтономия
Множ. числоавтономиялар
Связанные слова
автономиялуу
Склонение по падежам - "автономия"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?автономия
Родительный Чей?автономиянын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?автономияга
Винительный Кого?, Что?автономияны
Местный Где?, У кого?автономияда
Исходный Где?, У кого?автономиядан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?автономиялар
Родительный Чьи?автономиялардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?автономияларга
Винительный Кого?, Что?автономияларды
Местный Где?, У кого?автономияларда
Исходный Откуда?, От кого?автономиялардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: