-
Ордер
-
ОРДЕР (нем. Order, фр. ordre – тартип, ирээт) – 1) буйрук, көрсөтмө, тескеме камтылган (м.: үй тинтүү О. ж. б.) ырасмий документ; 2) анда көрсөтүлгөн жаранга (жактардын тобуна) туракжайды жалдоо келишимин түзүү жана ага кирүү укугу берилгенин компетенттүү органдын чечимин бышыктоосу жөнүндө жана күбөлөөчү документ. Жатаканадан чыгаруу О-инен башка О. аткаруу бийлик органы тарабынан берилет; 3) акча каражаттары жана материалдык баалуулуктар менен аткарымдарды жүргүзүүгө берилүүчү документ; 4) анын ээсине токойду пайдалануу (карагай даярдоо жана ташып кетүү иштеринин айрым түрлөрүнө, токой ресурс калдыктарын даярдоого) укугун берүүчү токой кыркуу билети; 5) КР мыйзамдарына ылайык берилген юридикалык иш менен алектенген адвокаттын ыйгарым укуктарын бышыктоочу документ.
Найдены по другим направлениям
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Ордер