КӨКБӨРҮ — каарман. Сагымбай Орозбаковдо кыпчактардын уруу башчысы. Манастын алгачкы казаттарына катышат, башка учурларда Көккоён султандын атасы катары эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча кырым элинин каны. Урумкандын уулу жана Коёнаалынын атасы. Нескара баалагандай «Кырк күнчүлүк сайышка жарап берчү» (Саякбай Каралаев, 2. 26) баатыр гана эмес, К. Манастын «Ободон булут козгошкон, бир күндө үч жол достошкон» (Саякбай Каралаев, 2. 230) о дүйнөлүк досу дагы. Манастын өзүнүн айтуусу боюнча анын эң жакын адамдары Кошой, Төштүк, Сайкал менен бирге атайы чакырылып, Манастын сөөгүн жашыруун көмүүгө катышат. «Манас» эпосундагы көөнө типтеги каармандар Кошой, Төштүк, Сайкал менен катар айтылган К. да чыгыш теги жагынан эң байыркы каармандардан деп болжошко негиз бар. Анын ысымынын байыркы түрктөрдүн тотеми «Көк-Бөрү» менен байланыштуу болушу бул ойду ырастайт.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как КӨКБӨРҮ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
7Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 7 + 0? Ответ:
Отправить