-
КУР
-
КУР — булгаарыдан, кайыштан жана сызма сыяктуу башка материалдардан, узун жазы кездемеден белди бууп, байлаш үчүн жасалган буюм, белге курчана турган жоолук. Эпостогу маалыматтар курдун байыртадан эле болгондугун айгинелейт: «Белине жоолук — кур берди» (Сагымбай Орозбаков, 1. 45), «Курдан кармап алганы Оодара тартып атынан Чалды жерге салганы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 90). Ал эми К-ду моюнга салуу жеңилгендикти же кудайга жалынып тилек тилөөнү билдирет: Мисалы, «Мойнуна курун салынып» (Саякбай Каралаев, 1. 52), к. Ботокур, Боз кисе.
-
кур
-
I зат. Булгаарыдан, кайыштан жана сызма сыяктуу башка материалдардан, узун жазы кездемеден белди бууш, байлаш үчүн жасалган буюм, белге курчала турган жоолук. Кайыш кур. Кездеме кур. Жазы кур.
КУР II сын. 1. Курулай, куру бекер, бош; эчтемеси жок. Эл тиричилик кылганда, Эсирип уктап кур жатпа (Токтогул). ..Машина кур кетмей болду (Бейшеналиев).
2. Эч болбогондо, болбоду дегенде. Кур дегенде баласын өңөрүп алса (Байтемиров).
КУР III сын. Абдан семиз, минилбеген, урунбаган. Баарысын семиз кур байлап («Манас»). Бүгүн өргү бололук, Кысыр эмди кур тайдан.. соёлук («Эр Табылды»). Минилбеген кур жылкы («Манас»). Жетпей калса минсин деп, Жети кур ат байлатты («Манас»).
КУР IV такт. 1. Курдай, ирет, жолу. Үч кур келдим.
2. Бир кылка, бир жаштагы, бир теңдүү, бир катар. Бир кур балдар. Бир кур келиндер.
КУР V этиш. Жасоо, тургузуу, орнотуу, түзүү. Гүлдөтүп айыл-кыштак, талааларды, Курабыз зор курулуш мурдагыдан (Нуркамал).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
RU
Похожие слова на других языках:
RU
- курага (ru-kg)
- куражиться (ru-kg)
- курак (ru-kg)
- куранты (ru-kg)
- Куратор (ru-kg)
- Курахтан (ru-kg)
- Курбан-байрам (ru-kg)
- курвиметр (ru-kg)
- курган (ru-kg)
- Курганник (ru-kg)
- Курганник желтый (ru-kg)
- Курганник малый (ru-kg)
- Курганник мохноногий (ru-kg)
- кургузый (ru-kg)
- курд (ru-kg)
- курдский (ru-kg)
- курды (ru-kg)
- курдюк (ru-kg)
- курдючный (ru-kg)
- курево (ru-kg)