КУЛ — кожоюндун жеке менчигине айланган, эч бир укуксуз киши, кул ээлик коомдун негизги таптарынын бири. К. буюм катары эсептелип, аны сатып алган, сатып жиберген, ал түгүл өлтүрүп да салган. Эпосто К-дун укуксуздугу «Сатыкка салып, кул кылып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 264),— деп көрсөтүлөт. «Таятаң Темиркандай мытаамдын Дене кулу болупсуң» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 130),— деп сүрөттөлгөндөй эпосто дене К. деген түшүнүк жолугат. Дене К. — түбөлүк кул, сатып жиберсе кыңк этпеген кул деген маанини билдирет. Ал эми «Элирип кеткен кесек кул» (Сагымбай Орозбаков, 1. 64), «Оңой Манас кул эмес, Оюлгур жайы башкача» (Саякбай Каралаев, 1. 144), «Жайма көкүл жаш Айдар Өзү эптүү кул эле, Өңү сындуу кул эле» деген саптардан эпосто К. жалпы эле кудайдын кулу, адам, киши деген мааниде айтыла берээрин баамдоого болот.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как КУЛ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
1Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 1 - 0? Ответ:
Отправить
зат.1. Кулчулук доорундагы эч кандай укугу жок, эмгеги, өзү — бүткүл турушу кожоюнунун менчигинде болгон адам; бирөөгө көз каранды, эмгеги, тапкан мүлкү бирөөнүн менчигинде болгон эрксиз адам. Кул да болсо беш жылдан бери туздаш болуп калдык эле (Жантөшев). [Кулбаш] Сарыбайдын сөзүнө карай өзүнүн анык кул экендигине көзү жетти (Абдукаримов).
2.өт. Бирөөнүн эркинен чыкпаган, бирөөнүн айтканын ээрчиген, өз алдынча, өз эркинче аракети болбогон адам. Эрте сүйлөгөндүн кулу.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как кул
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
42Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 6 х 7? Ответ:
Отправить