-
КОРГОШУН
-
«Залкарын, бирок, аз таптым, Салмагы жактан коргошун» (Байдылда). Бул — устакерчиликте пайдалануучу зат. Салмагы оор, оңой эритиле турган кара көк түстүү металл. Муну «ыроо» деп да коет. Ал себет жасоодо, буюмду кепшерлөөдө пайдаланылат. Усталар бир топ буюмдарда колдонушат. Андан өгөө жасоого атайын калып кылат. Өгөөнүн майтарылбасы үчүн улам бир тарабын коргошунга чаап турат. Мындан кыт куюлат. Салмактуу болушу үчүн чоң бычактарга толто жасалат. Ийик баш куят, мергенчилер бараңга ок-бытыроо жасаган. Ал ок — бытыроолор салмактуу келип, алыс учуп, мээлеген бутасына түз барып тиет. «Кан деп учат, жан деп учат коргошун» (Мидин).
Найдены по другим направлениям
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КОРГОШУН