ИЛЬИНА |
Москва көркөм сүрөт институтун бүтүргөн (1939). Кыргызстанда 1939-жылдан иштейт. 1947-ж. окутуучусу В. Фаворскийдин таасири менен «Манас» эпосуна кайрылган. Ал өзүнүн гравюраларындагы кыргыз улуттук оюмдарында эпостогу көрүнүштөрдү же эпизоддорду гана чагылдырбастан, баатыр-каармандардын образын да ачып берген. «Алмамбет — Манастын баатыры», «Бакай — Манастын баатыры» жана башкалар гравюраларында бет маңдайынан жайгаштырылган баатырлардын тулкулары кагаздын тегиз бетине өзгөрүлбөгөн абалда ишке ашырылган. Ал «Манас» темасына 1972-ж. кайрадан кайрылып линогравюра техникасында «Эпос», «Манасчы» серияларын жараткан. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971). Л. А. Ильина. Манас. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6—7-шайл.) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. |
Найти все переводы слова "ИЛЬИНА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ИЛЬИНА"?
Ввойти