Меню
Эл-Сөздүк

Зыярат

Зыярат – дин. Мазарга, касиеттүү, ыйык деп эсептелген жерлерге ж.б. сыйынуучулук, табынуучулук (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 395-б.). 

Зыярат

Зыярат – мусулмандардын түшүнүгүндө,кыялында бирдеме тилөө, күнөөдөн арылуу, сыйынуу, жооп табуу максатында пайгамбарлардын, машайыктардын, кожо-шайыктардын ысмына байланышкан жергиликтүү мазарларга, тоо-таштарга атайылап барып, зыярат жасоо… Эл арасында ыйык деп аталган жерлерге оорудан, ар түрдүү илдеттен арылуу үчүн, баласыздар болсо Жараткандан перзент тилегени, ооруга шыпаа издегени барышат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 187-б.).

зыярат

зат. дин. Мазардуу, касиеттүү ыйык жерлерге сыйынуу. Эл барып зыярат кылып жүргөн жерлерге да барбайм (Абдукаримов). Хан атамдын күмбөзгө Бир зыярат кылалы («Семетей»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: