Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

БАКШЫ

БАКШЫ (санскрипче бхихши — будда дининин молдосу) — ооруга чалдыккан адамды дубалап, «жин-шайтандарды» кубалап чыга турган сыяктанып, буркан-шаркан түшүп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдой турган дарымчы. «Манас» эпосунда да Б. мына ушул мааниде колдонулат: «Баканды кармап бакырып, Бакшы менен бүбүдөн, Немесин койбой чакырды» (Курама варианты, 1. 22). Сибирь элдеринде кам, шаман жана башка түрлөрдө айтылып кыргыз тилиндеги Б-нын маанисине дал келет. Ошондой азиялык тектеш элдерде (өзбек, түркмөн, уйгур, каракалпак) ушул эле маани менен катар сабаттуу адам, мугалим, элдик ырчы, акын жана куш салуучу аңчы деген маанилерге да ээ.

Бакшы

Бакшы – (санскр. бхихши – будда дининин молдосу) – ооруга чалдыккан адамды дубалап, «жин-шайтандарды» кубалап чыга турган сыяктанып, буркан-шаркан түшүп, жаалданган аракеттер менен эмдей-домдой турган дарымчы. «Манас» эпосунда да Б. мына ушул мааниде колдонулат: «Баканды кармап бакырып, Бакшы менен бүбүдөн, Немесин койбой чакырды» (КВ, 1.22). Сибирь элдеринде кам, шаман ж.б. түрлөрдө айтылып, кыргыз тилиндеги Б-нын маанисине дал келет. О.азиялык тектеш элдерде (өзбек, түркмөн, уйгур, каракалпак) ушул эле маани менен катар сабаттуу адам, мугалим, элдик ырчы, акын жана куш салуучу аңчы деген маанилерге да ээ (Манас энциклопедиясы, 1-т. 134-б.).

бакшы

I зат. Ооруларды шамандык жол менен окуган, көргөн адам. Жаман күн жакшы болсгт, уялбаган бакшы болот (макал).
Кара жиндүү бакшы — бакшылык кылып жаткан кезде жаалданып, ысык темирди жалап, өз денесине өзү бычак уруучу бакшы.
БАКШЫ II зат. Түркмөндөрдүн элдик ырчысы, музыканты.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: