-
БАДАНА
-
БАДАНА (иранча дене, бой) — эпосто жоокерлер кийүүчү зоот, кээде баатырлардын сырт кийими маанисинде колдонулуп, ок өтпөгөн Б. тон же кош Б. деп да берилет:
Жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана, торгой көз
Келеме жака, кең күрмө,
Керишке кийсе ок өтпөс (Курама варианты, 2. 111).
Айрым учурда чың Б. деп берилет: «Чыйырчык алтын чымчык көз Чың бадана торгой көз» (Курама варианты, 2. 51). Б. алтын зымдан (чынжырлардан) турган зоот кийим экендигин төмөнкү саптардан жоромолдоого болот:
Торгой көзү жыбырап
Тоок көзү быжырап,
Машаанын мурду батпаган,
Чиркейдин мурду өтпөгөн (Курама варианты, 2. 51).
Кыргыз фольклорунда Б. шым деген да согуштук кийим кезиккенден улам Б. деп ичке металл зымдан жасалган чынжырчалардан турган зоот кийимдер белгилениши мүмкүн.
И. Молдобаев
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
БАДАНА