|
тогуз
|
|
сан. 1. 9 саны, эсеби. Айыл чарба адистерине арналган бөлмөнүн эшиги күндөгүдөй эле саат тогузда ачылды (Убукеев). Тогуз жашар бул бала, Кимдин уулу болду экен? (Токтогул). Жыландарын карасаң, Тогуз кулач аркандай («Манас»).
2. тар. Калыңга, байгеге же айыпка берилүүчү тогуз мал. Аягында кудалардын жааты жеңилип, үч тогуз, бир кул берип жарашты — деп жалган айтып жибердим (Аалы). Токтогул деп кекетсең, Тогуз айып аларсың (Токтогул).
|