|
Далдал ишмердүүлүгү
|
|
ДАЛДАЛ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – 1) КР биржа мыйзамдарына ылайык, биржа ортомчусунун кардардын атынан жана анын эсебинен, кардардын атынан жана өз эсебинен же өз атынан жана кардардын эсебинен жасаган биржа бүтүмү; 2) баалуу кагаздардын базары жөнүндөгү КР мыйзамдары боюнча, баалуу кагаздар базарындагы кесиптик ишмердүүлүктүн бир түрү.
|