|
Страховое право
|
|
КАМСЫЗДАНДЫРУУ УКУГУ – камсыздандыруу жана камсыздандыруу иштерин уюштуруу мамилелерин жөнгө салуучу укуктук ченемдердин тармактар аралык комплекси. К. у-нун негизин жарандык укуктун тийиштүү ченемдери түзөт, ошентсе да өзгөчө милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө ошондой эле каржы укугунун ченемдери маанилүү роль ойнойт. К. у-нун курамына административдик, кылмыш-жаза, эларалык жеке укуктардын, укуктун жана башка тармактарынын айрым ченемдери кирет.
|