|
Страховая стоимость
|
|
КАМСЫЗДАНДЫРУУ НАРКЫ – камсыздандыруу объектисинин иш жүзүндөгү чыныгы наркы. К. н-ын эсептеп чыгуу аркайсы өлкөлөрдө өзгөчөлүктөргө ээ жана колдонуудагы мыйзамдарга жана ал калыптанып калган иш-тажырыйбага негизденет. КР жарандык мыйзамдары боюнча эгер камсыздандыруучу тарабынан атайылап адаштырылганын камсыздоо далилдей албаса, тараптар мүлктүн камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн К. н-ын талаша албайт.
|