|
Курс облигации
|
|
ОБЛИГАЦИЯ НАРКЫ – мамлекеттик зайым облигациясынын сатуу жана сатып алуу баасы. Облигациянын шарттуу баасы чыгарууда белгиленип, мамлекеттик карызга чегерилет да, аны жоюу маалында облигация ээсине төлөнүп берилет. Эмиссия наркы – облигацияны банктарга сатуу баасы ошондой эле мамлекет тарабынан белгиленет. Иш жүзүндө эмиссия баасы шарттуу баадан төмөн болот. Облигациянын базар наркы (баасы) каржы базарындагы өтүмдүүлүгүнө жараша аныкталат жана биржа бюллетенине жарыяланат.
|