|
Земельные отношения
|
|
ЖЕР МАМИЛЕЛЕРИ – мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын, жарандардын ортосундагы, ошондой эле жер ресурстарын мамлекеттик башкаруу боюнча коомдук мамилелер. КР жер мыйзамдарына ылайык мамлекет, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, КР юридикалык жактары жана жарандары Ж. м-нин катышуучулары болуп саналышат. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана четөлкөлүк юридикалык жактар КР мыйзамдарында каралган шарттарда гана Ж. м-нин катышуучулары боло алышат. Ж. м-дин объектиси жер участкалары жана аларга болгон укуктар болуп эсептелет.
|