Меню
Эл-Сөздүк

КАП

«Кара каптын кагынчык, Аңдыгандын жаны чык» (Элдик ооз еки адабияттан). Бул — таар буюму. Мунун жердиги жүндөн болуп, идиштик милдет аткарат. Эндүү курулган өрмөктүн эриши ак менен кара жиптен эле күзүктөлүп, аркак салынган да жөнөкөй согулган. Мындан кара ала кап пайда болгон. Идиш төрт чарчылана бычылып, жээктери кыюуланат. Каптын ооз жагынын эки жагына өрмөктүн эриш жибинин калдыгынан өрүлүп же эшилип жасалган эки кулакчыны тагылат. Мунун бирөөнө чыйрак чыйратылган буугуч жип байланат.
      Каптын чаканын дорбо деп атайт. Ал ат үстүнө өңөрүүгө, атка жая же арта салууга ылайыктуу.
      Буюмдун өтө ичтүүсүн зумбол деп атайт. Ал эгинди төөгө жана башка күч унаага теңдеп жүктөөгө оңтойлошкон.

КАП

КАП — топоним. Кыргыздар калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо, алардын Үрбү, Мунар баш болгон Арсы калдайдын аскерлери менен беттешкен жерлердин бири. «Кап экен ушул коосу деп, Жымырайган жыластын түк билинбейт оозу деп» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 540-б.) эпосто ал жер өзүнүн көрүнүшүнө жараша ошондон бери К. аталып калганы айтылат. Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү тоо.

кап

кап (зат а.), кабы, каппы
кап тешер (чычкан)
кап кулкун сымалдар
(зоол.)

кап

кап (сырд.)

кап-

кап-, каап, кабат, каппа-

кап

I зат. 1. Жүндөн, кебезден токулган таар сыяктуу калың материалдан баштык формасында тигилген, эгин жана башка нерселерди салууга ылайыкталган мешок. Элүү кап эгин тийиптир Эрикпей эмгек кылганга (Үсөнбаев). Жүндү сорттоп, капка салып ылгашты (Осмонкул).
  1. 2.                  Кын. Алча моюн ак шамшар, Жулуп алып кабынан («Эр Табылды»). Уруш болгон абыдан, Суурулган кылыч кабынан (Тоголок Молдо).
  2. 3.                  Ичине бир нерсе салууга ылайыкталып жасалган баштыкча, идиш, куту же бир нерсенин сыртын жаап турган бөлүгү, сырты, жапкычы. Китеп кап. Жаздык кап. Аяк кап. Казан кап. Ширеңке кап.

¨ Карынын сөзүн капка салуу — карынын айтканын унутпоо, анын айткандарынан жакшы үлгү алуу. Жүрөгү кабынан чыгуу — жүрөгү болк этүү, корккондо, сүйүнгөндө апкаарып кетүү.
КАП II сырд. Өкүнгөндүктү, кейигендикти билдирүүдө колдонулат. Кап, ..Сабирага бекер айтыптырмын («САЖИ»). Кап, көпкө жүрсө болот эле ! (Шүкүрбеков).
КАП III этиш. 1. Тиштеп алуу (ит жөнүндө).
2. өт. Орон айтуу, катуу тийүү. Карышкырча жулунуп, Капкан ырчы болобу (Токтогул).
¨ Таш кабуу максатына, тилегине жетпей калуу, ойлогону орундалбай калуу. Таалайлуу элге катылган, Ташкапсын анын планы (Тоголок Молдо).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкап
Көптүк санкаптар
Синонимдери
тиште
Байланыштуу сөздөр
ит
үрүү
тиштөө
кабуу
Жөндөлүшү - "кап"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?кап
Илик Кимдин? Эмненин?каптын
Барыш Кимге? Эмнеге?капка
Табыш Кимди? Эмнени?капты
Жатыш Кимде? Эмнеде?капта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?каптан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?каптар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?каптардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?каптарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?каптарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?каптарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?каптардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: