Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Омбудсмен

АКЫЙКАТЧЫ (ОМБУДСМЕН) – (швед. ombudsman – кимдир-бирөөнүн кызыкчылыктарынын өкүлү)–аркыл административдик органдардын, айрым өлкөлөрдө – ошондой эле жеке адамдардын жана бирикмелердин адам укуктарын сактоолоруна көзөмөлдүк кылуу үчүн атайын шайланган (дайындалган) кызмат адамы. Прокуратурадан айырмалуу көзөмөлдү жана тергөөлөрдү мыйзамдуулуктун гана тутумунан жүргүзбөстөн, ошондой эле натыйжалуулуктун, максатка ылайыктуулуктун, ак ниеттүүлүктүн, акыйкаттулуктун тутумдарынан да ишке ашырат. Мындай кызмат адамдарынын аталыштары да артүркүн: Скандинавия өлкөлөрүндө – А.; Испания жана Колумбияда – элдик коргоочу; Францияда – ортомчу; Румынияда – эл адвокаты. А. шайлануусу же дайындалуусу мүмкүн. Испанияда ал парламент тарабынан 5 жылга шайланат, Намибияда – президент, Францияда – Министрлер кенеши тарабынан дайындалат. Дээрлик көпчүлүк өлкөлөрдө каалаган жарандардын баары А-га. түздөнтүз кайрылууга укуктуу. Кемчиликтерди же кыянат пайдаланууларды табары менен, А. аларды тийиштүү органга же кызмат адамдарына билдирет жана аларды четтетүүнү сунуштайт. Баштарткан учурларда ал адилет сот органдарына же парламентке кайрыла алат. А. жарандардын арыздары боюнча эле эмес, өз демилгеси боюнча да аракет кылат. КРде мындай институт А., адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу деп аталат. КРде А. болуп КРдин жараны шайлана алат. А. өзүнүн ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүндө, ошондой эле алар аяктагандан кийин 24 ай бою кол тийбестик укугуна ээ болот. Аны өзүнүн ой-пикирлерине байланыштуу, ошондой эле өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жасаган аракеттери үчүн кармоого болбойт, анын иши боюнча сот ишин ачууга болбойт, ага жазапул салынышы мүмкүн эмес, ал куугунтукка алынбайт, соттолбойт.
Перевести через онлайн Переводчик

Котормолордун мисалдары: Омбудсмен

Орусча Кыргызча
Права Омбудсмен (Акыйкатчы) Омбудсмендин (Акыйкатчынын) укуктары
Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргызской Республики вправе: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) төмөндөгүлөргө укуктуу:
Принципы избрания и освобождения от Омбудсмен (Акыйкатчы) Омбудсменди (Акыйкатчыны) шайлоонун жана кызматтан бошотуунун принциптери
Омбудсмен (Акыйкатчы) должен хранить конфиденциальную информацию. Омбудсмен (Акыйкатчы) купуялуу маалыматты сактоого милдеттүү.
Омбудсмен (Акыйкатчы) считается держателем офис после принятия присяги. Омбудсмен (Акыйкатчы) ант берген учурдан тартып кызматка киришкен болуп эсептелинет.
Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргызской Республики избирается сроком на пять лет. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) беш жылдык мөөнөткө шайланат.
Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргызской Республики не может иметь более трех заместителей. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орун басарлары үчтөн ашпайт.
Омбудсмен (Акыйкатчы) может также подготовить специальные доклады, касающиеся таких случаев. Аталган иштер боюнча Омбудсмен (Акыйкатчы) атайын баяндамаларды да түзө алат.
После получения заявления или жалобы Омбудсмен (Акыйкатчы) принимает решение начать расследование. Омбудсмен (Акыйкатчы) арызды же даттанууну алгандан кийин аны текшерүүнү баштоо жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алат.
По истечении срока, Омбудсмен (Акыйкатчы) должны оставаться в этой должности до инаугурации преемника. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин Омбудсмен (Акыйкатчы) бул кызматка өзүнөн кийинки ишин улантуучу кызматка киришкенге чейин кызмат ордунда кала берет.
В исключительных случаях этот срок может быть продлен Омбудсмен (Акыйкатчы) в течение не более двух лет. Өзгөчө жагдайлар болгон учурда бул мөөнөт Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок ал эки жылдан ашпайт.
Если Омбудсмен (Акыйкатчы) считает необходимым, он / она может не включать в себя имена из других случаях тоже. Эгерде Омбудсмен (Акыйкатчы) максатка ылайыктуу деп тапса, ал башка иштерге да катышкан адамдардын аты-жөнүн атабай кое алат.
Омбудсмен (Акыйкатчы) должны быть независимы от любых органов государственного управления или должностных лиц. Омбудсмен (Акыйкатчы) кайсы бир мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына баш ийбейт.
Этот срок может быть продлен, если Омбудсмен (Акыйкатчы) полагает, что есть обстоятельства, которые делают его разумным. Эгерде, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ою боюнча, негиздүү кыла турган жагдайлар пайда болсо, бул мөөнөт узартылышы мүмкүн.
В случае разглашения конфиденциальной информации Омбудсмен (Акыйкатчы) несет ответственность в соответствии с законом. Мындай маалыматтарды жайган учурда Омбудсмен (Акыйкатчы) мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
В случае равного распределения голосов порядок избрания должен быть повторен, пока Омбудсмен (Акыйкатчы) не будет избран. Алынган добуштардын саны тең болгон учурда добуш берүү жол-жобосу Омбудсмен (Акыйкатчы) билингенге чейин улантыла берет.
Омбудсмен (Акыйкатчы) также должны убедиться, что информация, которая должна быть конфиденциальной, не включенные в докладе. Омбудсмен (Акыйкатчы) ошондой эле жашыруун сактала турган маалыматтын баяндамага киргизилбешин да камсыз кылат.
Омбудсмен (Акыйкатчы) избирается на должность Законодательным собранием КР при тайном голосовании путем подачи бюллетеней. Омбудсмен (Акыйкатчы) кызматка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бюллетендерди берүү жолу аркылуу жашыруун добуш берүү менен шайланат.
Омбудсмен (Акыйкатчы) обладает неприкосновенностью в течение всего срока полномочий и в течение 24 месяцев после истечения срока в офисе. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүндө, ошондой эле алар аяктагандан кийин жыйырма төрт ай бою кол тийбестик укугуна ээ болот.
Омбудсмен (Акыйкатчы) избирается по крайней мере за тридцать дней до истечения срока действия предыдущего Омбудсмена (Акыйкатчы) в офисе. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнөн мурдагынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаардан отуз күн мурда шайланат.



Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

KG


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: