Мезонефрос (гист.) мезонефрос, адепки бөйрөк; сийдик бөлүп чыгаруучу жуп орган. Балыктарда жана амфибияларда өмүрү бою сакталат, калган омурткалуу айбандарда жана кишиде — түйүлдүктүн өөрчүшүнүн алгачкы стадияларында гана болот.