Инвентарная опись ИНВЕНТАРДЫК ТИЗМЕ – кайсы бир чарбанын, уюмдун мүлкүнүн саны жана буюмдарынын сапаты көрсөтүлгөн, алардын баасы коюлган толук тизмеси. Мүлктү өзгөчө эрежелердин негизинде атайын комиссия тарабынан инвентаризациялоо учурунда түзүлөт.