Меню
Эл-Сөздүк

Деяние преступное

Кылмыштуу жорук

Деяние преступное

КЫЛМЫШТУУ ЖОРУК – 1) жазык укугунун теориясында адамдын жүрүм-турум эрежелерине сыйбаган, антисоциалдык, кылмыш мыйзамы менен корголгон коомдук мамилелерге зыян келтирүүчү жорук. Кылмыш мыйзамынын тигил же бул статьясына жаткан, акыл-эсинде тургандагы негиздүү аракеттердин же аракетсиздиктин, б. а. психологиялык жана билек күч абалынын бирдигинен көрүнгөн, адамдын аңсезимдүү жүрүм-туруму. К. ж. өзүнүн объективдүү маңызы боюнча коом үчүн коркунучтуу аракет же аракетсиздик болуп саналат, ал эми субъективдүү алганда – ардайым белгилүү максат жана белгилүү жүйө менен жасалган айыптуу жорук; 2) кылмыш дегендин бирдиктүү түшүнүгү болбогон укук тармактарындагы жазаланууга жаткан кылмыштуу аракеттердин (аракетсиздиктин) жалпыланган аталышы. Алып айтсак, француз жазык укугунда К. ж. (оордук деңгээлине жана айып таризине жараша) кылмышка, жазыкка жана бузууга бөлүнөт.
Перевести через онлайн Переводчик

Котормолордун мисалдары: Деяние преступное

Орусча Кыргызча
Преступное. кылмыштуу
Если деяние на непредвиденные отсутствовать, доказательства возникновения непредвиденных должны быть представлены, и в случае страхования имущества, сумму убытков, которые будут возмещены страховщиком. Камсыздандыруу учуру жөнүндө акт жок болгон учурда камсыздандыруу учуру келгендигинин далили, ал эми мүлктүк камсыздандыруу учурунда ошондой эле камсыздандыруучу төлөп берүүгө тийиш болгон зыяндын өлчөмү көрсөтүлүүгө тийиш.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: