|
эмгек
|
|
II зат. 1. Акыл-эстин, күч кубаттын жумшалышы аркылуу белгилүү максатка ылайык жүргүзүлгөн иш аракети, жумуш, адамдын ишмердүүлүк сапатынын белгиси. Эгин айдап мал багып, Эмгек кылчу жай келди (Осмонкул). Акыл эмгеги. Күч эмгеги.
2. Жазылган, иштелген же басып чыгарылган чыгарма, изилдөө иши, китеп. Коммунизмди куруу Маркс менен Энгельстин биринчи эмгектеринде эле белгиленген («Коммунист»).
♦Эмгек акы — иштеген ишине, аткарган жумушуна ылайык төлөнүүчү акча, акы. Эски убакта шахтёрлор эмгек акыга да жарыган эмес (Сасыкбаев). Эмгек күн — колхозчулардын эмгегин эсепке алуунун, колхоздун жалпы кирешесине алардын ар бири канчалык үлүшүн кошкондугун белгилөө единицасы. Эмгек күндү эсептеп, Дептерлерге жазалык (Турусбеков).
|