|
Экзекватура
|
|
ЭКЗЕКВАТУРА (лат. exsequor – аткарам) – эларалык укукта: а) башка өлкөдө чыгарылган сот чечимин аткаруу; б) кабыл алган мамлекеттин өкмөтүнүн консулду тааный тургандыгын күбөлөндүрүүчү ырасмий документ. Э. берүүдөн баштарткан мамлекет консул жиберген мамлекетке андай баштартуунун жүйөсүн билдирүүгө милдеттүү эмес.
|