КАПАЛ КАПАЛ — топоним. Эпосто «Аккан Иле суусу бар. Ар жагы Капал тоосу бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 264) делип Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылган аттар өткөн тоо. Географиялык реалияда Казакстандын Талды-Коргон облусундагы тоо жана андагы өрөөн.