-
имер-
-
обвести кругом, завернуть, повернуть;
аттын башын имер- повернуть коня;
жылкыны имерип келди он завернул лошадей (и пригнал);
бүткөн боюн имерип чыкты он повернулся всем телом;
жаш имерди көзүнөн фольк. он смахнул с глаза слезу;
камчы имер- крутить нагайкой (угрожая или готовясь хлестнуть);
боору имерди он отнёсся участливо, он пожалел;
балдарды айла менен имерген он хитростью расположил к себе детей.
-
имер
-
этиш 1. Кайруу; кайрып бир жерге топтоо; чогултуу. Үч-төрт бала жылкыны имеришип чапкылашат («Жаш ленинчи»). Оттуу жерге имерип, Кырааны карт жылкычы (Үмөталиев). - 2. Жакындатуу, өзүнө тартуу, үйүр алдыруу. Даша Жийдегүлдү бат эле имере тартып, абдан тааныш эмелерче сүйлөштү (Сасыкбаев).
- 3. Толгой тартуу, толгой тартып жиберүү; толгой кармоо, чыйратуу. Кыпкызыл болгон шиш темир кармап колго имерди («Эр Төштүк»). Акын көзүнө жаш алып, апаппак болгон мурутун имерди (Бөкөнбаев).
- 4. Буруу. Шофёр менин пикиримди билгендей машинасын чайканага имерди (Аалы).
- 5. Айланчыктап байкоо. Арстан Манас баатырды, Аз имерип сындап өт («Манас»).
¨ Имере кароо — айландыра кароо; көз жүгүртүү. Түлкүбек көлдүн айланасын имере карады (Жантөшев). Ал дүрбүсүн эчен имерип карады (Жантөшев). Көзүнөн жаш имерүү — көзүнөн жаш кылгыруу, көзүнө жаш келүү. Көңүлү чалкып карт ырчы, Көзүнөн жашын имерди (Бөкөнбаев).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
имер