Меню
Эл-Сөздүк

Жетиген

Большая Медведица (другие названия этого созвездия: Жети Аркар и Жети Каракчы);
Ошол Жети Каракчынын аты Жетиген аталып калыптыр фольк. (с тех пор) эти Семь Воров стали называться Жетиген;
Жетиген жак или Жетиген тарап или Жетигендин тарабы северная сторона, север;
Жетиген кыям см. кыям.

ЖЕТИГЕН

ЖЕТИГЕН — эки жылдыздар тобу: бири — Чоң Ж., экинчиси — Кичи Ж. Бул эки жылдыздар тобунун уюткусу кичи Ж-ге таандык болгон Алтын казык жылдызына байланышкан. Кыргыз элинин уламышында Алтын казыкка Ак боз ат, Көк боз ат байланып турат. Ал эки жылдыз Алтын казыкка аябай жакын жайгашкан. Аларды уурдап кетсек деп жети каракчы түн бою айланып жүрөт, бирок түн сайын чечип аларыңда таң атып кетип, Ак боз ат менен Көк боз атты уурдай албай калышат экен. Уламыштагы жети каракчы демейдеги Чоң Ж-ге туура келет. Ж. деген сөздүн өзү жети кан деген эки сөздүн биригишинен пайда болгон. Алтай элинин оозеки чыгармачылыгында кыргызча каракчыга байланыштуу айтылган легенда жети канга (канга) ыйгарылып алигиче айтылат. Болжолу ошондой кылымдарда түрктөр Ак боз ат менен Көк боз атты алганы жүргөн жети кишинин каганы (каан, кан, хан) деп түшүнгөн. Эпосто Ж. географиялык багыттарды туюндуруучу терминдердин бири. Түн. тарап деген маанини билдирет. Көкөтөйдүн керээзинде:
Какандын шаарын каралап,
Каз моюл журтун аралап,
Жетиген жакка барбасын.
Жетимурук журту бар,
Желмогуздай ушулар (Сагымбай Орозбаков, 3. 12).

Ж. багыт катары эпостун башка эпизоддорунда башкача айтканда эл көчкөндө, тигил же бул жердин ордун белгилөөдө арбын колдонулган:
«Эми көчүп бул жерден
Жетиген жакка кетеби» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).
Жетигендин тарабы
Жери Кенжут карады,
Күн чыгышы Ималай
Шолорду да жердеген
Шооруктун эли бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 203).

К. Сейдакматов

Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжетиген
Көптүк санжетигендер
Байланыштуу сөздөр
жылдыз
Жөндөлүшү - "жетиген"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жетиген
Илик Кимдин? Эмненин?жетигендин
Барыш Кимге? Эмнеге?жетигенге
Табыш Кимди? Эмнени?жетигенди
Жатыш Кимде? Эмнеде?жетигенде
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жетигенден
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жетигендер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жетигендердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жетигендерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жетигендерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жетигендерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жетигендерден

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: