-
жаша-
-
жить, существовать, здравствовать;
жыйырма жашты жашаган проживший двадцать лет, в возрасте двадцати лет;
жашагандын бир күнү бар жарым айга бергисиз фольк. есть (один) день (в) жизни, который не отдашь за полмесяца;
көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет погов. знает не тот, кто много жил, а тот, кто много видел; не спрашивай старого, а спрашивай бывалого;
ал жашарын жашап, ичерин ичти он отжил свой век; он свой век прожил, своё от жизни взял;
жашабагыр! чтоб тебе (ему) не жить!;
жашасын! да здравствует!
жашамал пожилой.
жашаң зелёный, молодой (о траве); зелёная трава; зелень;
тизеден чыккан жашаңды жиреп, аркы-терки басат он ходит туда-сюда, рассекая зелёную траву высотою по колено;
ачыккан уйлар жашаң бедеге качырып сала беришти голодные коровы набросились на зелёный клевер.
-
жаша
-
этиш. 1. Өмүр сүрүү, өмүрдүү болуу. Карысам да, өлгүм келбейт. Менин да жашагым келет! (Абдукаримов). Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет (макал). - 2. Белгилүү бир жерде туруу, турмуш өткөрүү. Жерде турмуш күлкү менен өткөндөй, Асманда да күлүп гана жашайбыз (Осмонов). Элден-журттан бөлүнүп, Эченден бери жашадым («Эр Табылды»).
- 3. Ийгиликтерге жетишүүсүнө, гүлдөп өнүгүшүнө тилектеш экендикти билдирүү. Жаша, гүлдө Кыргызстан, Жаркыраган чыгыштан! (Үмөталиев). Баракелде, жаша, жигит! (Аалы).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жаша