Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: Atlantic Ocean
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - дуба
 

ДУБА

 
ДУБА (арабча чакырык, өтүнүч; сыйынып табынууда айтылчу сөз) — өлгөн адамга же башка бир диний жөрөлгөлөргө, ырым-жырымдарга байланыштуу жакшылык тилекти, көңүлдү билдирүү иретинде окулуучу бата ырымы. Д. сыйкырлоо маанисинде да колдонулат. Эпосто кудайга, табигый кубулуштарды башкаруучу сыйкырдуу күчтөргө кайрылуу маанисинде арбын кезигет. «Тескери дуба нече окуп... Калмакча дуба жат окуп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 158) Алмамбет жоого каршы жайчылык кылат. Д. окуу мейман тосуу салт- каадасынан да орун алган: «Астына даам койгон соң, Аш-тамакка тойгон соң, Алакан жазып кол ачып, Дуба кылып болгон соң» гана Бакай карыя Ажыбай менен Серектен келген жөн-жайын сурайт (Сагымбай Орозбаков, 4. 118). ДУГУЛ — этноним. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Көкөтөйдүн ашына чакырылган элдердин биринен. Бокмурун жаш Айдарга Мааникерди мингизип, күн чыгышта Күбө деген жерди жайлаган Д. деген элди кошо айтып чакыртканы эскерилет.

дуба

 
[duba]
dua

дуба

 
fatiha okuma dua.

дуба

 
дуба (дува эмес) (дин.)
дуба байлоо
дуба кылуу
дуба окуу

Дуба

 
Дуба – мусулман дининде ар иштин башталышына, жүрүшүнө, бүтүшүнө Алладан жардам, ырайым, боорукерчилик, мээрмандык ж.б. сурап кайрылуу. Д. өлгөн адамга карата куран түшүрүү, куран окуу, бата берүү менен иш жүзүнө ашырылган. Динге ишенгендер, кырсыктап иштери илгерилебегендер Д-ны кереметтүү күч катары карашып, молдо чакырып, куран окутушкан (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 166-б.).

дуба

 
зат. дин. 1. Өлгөн адамдарга куран окуп, бата кылуу. Алакан жайып, дуба окуп, Далайдыналган жоргосун (Осмонкул).
2. Ар кандай максатка ылайык дем салуу ырымы.
Дубай салам — кат аркылуу жиберилген салам, салам кат.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сандуба
Көптүк сандубалар
Жөндөлүшү - "дуба"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?дуба
Илик Кимдин? Эмненин?дубанын
Барыш Кимге? Эмнеге?дубага
Табыш Кимди? Эмнени?дубаны
Жатыш Кимде? Эмнеде?дубада
Чыгыш Кимде? Эмнеде?дубадан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?дубалар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?дубалардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?дубаларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?дубаларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?дубаларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?дубалардан


Хотите добавить свой перевод для слово: "дуба"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru