-
тамыр
-
1. корень;
тамыр жай- пустить корни;
тамырын кырк- подрубить корень; уничтожитъ с корнем;
тамыры менен суур- вырвать, вытащить с корнем (растение);
түп-тамырынан бери соолт- перен. вырвать с корнем;
миң тамыр южн. название травянистого растения (в народной медицине употребляется при сердечных заболеваниях);
тамырын тартып көр- или тил тамырын тартып көр- пытаться обиняком выспросить, позондировать почву;
2. кровеносный сосуд; пульс;
көк тамыр вена;
тамыр кагыш или тамырдын кагышы биение пульса, пульсация;
тамыр карма- или тамыр көр- щупать пульс; ставить диагноз по биению пульса;
тамыр кармат-просить пощупать пульс;
3. перен. (между мужчинами) друг, приятель; побратим;
Орозойдун он тамыры бир келет погов. десять приятелей Орозоя разом приходят (о большом числе гостей, нахлынувших разом и не вовремя);
тамыр-тааныштар приятели и знакомые, дружки-приятели;
атам тапкан тамырды арам сийдик уул бузду погов. друга, которого обрёл мой отец, негодный сын отвадил;
4. перен. любовник, любовница, сожитель, сожительница;
тамыр аял любовница, сожительница;
сөөк-тамыр (см. сөөк 2).
-
тамыр
-
зат.1. Өсүмдүктөрдүн жерге орунтукталып турушун, суу же башка азык заттарын өзүнө тартып, тамактанып туруусун камсыз кылуучу жер астындагы бөлүгү. Жаа, жаа жамгырым, жамгырым, Жумшарт эгин тамырын (Осмонов). Бактын тамыры. - 2. анат. Кан жүрүү жолдору, кан тароочу түтүкчөлөр. Даниярдын маңдайындагы кан тамырлары жарылып кетчүдөй кабарган (Айтматов). Тамырчылар тамырымды кармап, табыптар тамак берет (Жантөшев).
- 3. Дос, достошкон адамдар (көбүнчө эркектерге карата). Кубанып тосту жолуңдан, Токо, курбу-курдаш тамырың (Калык). — Ой, ыракмат, Андрей тамыр! (Сасыкбаев).
- 4. Ойнош, ойноп-күлүү, ысыктык жагынан көңүл жакын болгондор.
♦ Күрөө тамыр — ар жактан жүрөктү көздөй кан жиберип турчу чоң тамыр, вена. Чекесинен буу чыгып, күрөө тамыры кызарып, толкундап кетти (Сыдыкбеков). Тамырын тартуу — сырын тартуу, ички сырын билүүгө тырышуу, байкоо. Тамырын жаюу — өсүү, өркүндөө, жайылуу, таралуу. Тамырына балта чабуу — кендирин кесүү, жок кылуу, курутуу, жаштайында соолтуу. Тамыр кармоо — тамырчылык кылуу, сыркоо адамдын ысык суугун, илдетин билүү аракетин кылуу. Түп тамырынан бери — бүтүндөй, бардык жагынан. Жумушчу табынын кулк мүнөзү түп тамырынан бери өзгөрүлдү («Советтик Кыргызстан»).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | тамыр |
Көптүк сан | тамырлар |
Жөндөлүшү - "тамыр"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | тамыр |
Илик Кимдин? Эмненин? | тамырдын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | тамырга |
Табыш Кимди? Эмнени? | тамырды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | тамырда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | тамырдан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | тамырлар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | тамырлардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | тамырларга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | тамырларды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | тамырларда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | тамырлардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ТАМЫР