Муунтуу МУУНТУУ – криминалистикада тумчуктуруу дегендин эле өзү. Мында негизги курал катары кол, ошондой эле сыйыртмак, кур, белбоо, кабель, аркан ж. б. колдонулат. Асфиксиянын натыйжасында өлүмгө дуушар болот.