Меню
Эл-Сөздүк

Лоббизм (сүрөөнчүлүк)

ЛОББИЗМ (СҮРӨӨНЧҮЛҮК) (англ. lobbyism , lobby – көп көзүнөн көмүскө күч) – мыйзам долбоорлорун кабыл алдыруу же четке кагуу максатын көздөгөн кандайдыр бир топ же жеке жак тарабынан жеке же кат жүзүндө кайрылуу же болбосо дагы башка ыкмалар (жапырт петицияларды, каттарды, жарыялоолорду уюштуруу) аркылуу парламентчилерге кысым көрсөтүү. АКШда чыккан (1946-жылы Л. жөнүндө атайын мыйзам кабыл алынган); азыр баардык демократиялык өлкөлөрдө бар. Кээбир мыйзам чыгаруу органдарынын алдында лоббисттердин өзүнчө кеңсеси жайгашкан.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: