|
Клирингдик банк
|
|
КЛИРИНГДИК БАНК – эсеп-кысап (клиринг) жыйынына мүчө болгон банк. Ал атайын ачылган эсеп боюнча тейлөө кызматын көрсөтөт: материалдык баалуулуктардын абалы боюнча ведомосторду түзөт, баалуу кагаздарды алат жана жеткизет, төлөм жана эсеп-кысап иштерин аткарат.
|