Меню
Эл-Сөздүк

КУУ КУЛЖА

КУУ КУЛЖА — кытай, калмактардын чегин кайтарган кароолчу жандыктарынын бири (к. Кароолчу жандыктар). Эпостун «Манас», «Семетей» бөлүмдөрүндө салттык түрдө айтылып, жоо тараптын сыйкырдуу жардамчыларынын милдетин аткарат. «Манас» эпосунун сүрөттөөсү боюнча К. к. сыйкырдын жардамы менен иштетилген магиялык касиеттеги жандыктардын бири катарында көрсөтүлөт:
Тогуз жолдун тоомунда,
Кырк бөрү койдун чаркына,
Үзгүлтүк тоонун урчукка,
Үңүрөйгөн тумшукка,
Как суунун четине,
Каспаң тоонун бетине
Кулжаны кабар койду дейт (Саякбай Каралаев, 1. 165).

Кытай, калмак чек арасын кайтарып турган, кишиден кыйын акылдуу К. к-ны жеңүү жан-жаныбарлардын куулук-шумдугун, тилин, сырын билген Алмамбеттин гана колунан келет.
Г. Петров. Куу кулжа.
Г. Петров. Куу кулжа.
Ошондуктан ал «Чоң казат» эпизодунда кытай чек арасына чалгындап барган Алмамбет, Сыргак тарабынан ажал табат.

Котормолордун мисалдары: КУУ КУЛЖА

Кыргызча Орусча
кулжа Архар.
Кара-Кулжа районунунда сугат суу колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу Улучшение доступа к поливной воде в Кара-Кульджинский район
19-апрелде АКШ Өкмөтү Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз, Кашка-Жол, жана Ылай-Талаа айылдык округдарында сугат суу колдонуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу максатында 92 294 АКШ доллар көлөмүндөгү үч грантты тартуулайт. 19 апреля 2012 года, правительство Соединенных Штатов будет награда три гранта на общую сумму $ 92 294 для улучшения доступа к поливной воде в Кара-Гуз, Кашка-Жол и Ylai-Тала айыл окмоту, в Кара-Кульджа районе Ошской области.

Котормолордун мисалдары: КУУ КУЛЖА

Кыргызча Англисче
кулжа Argali.
Кара-Кулжа районунунда сугат суу колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу Improving Access to Irrigation Water in Kara-Kulja District
19-апрелде АКШ Өкмөтү Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз, Кашка-Жол, жана Ылай-Талаа айылдык округдарында сугат суу колдонуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу максатында 92 294 АКШ доллар көлөмүндөгү үч грантты тартуулайт. On April 19, 2012, the United States Government will award three grants totaling $92,294 to improve access to irrigation water in the Kara-Guz, Kashka-Jol, and Ylai-Tala aiyl okmotus, in the Kara-Kulja district of Osh oblast.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: