|
КАҢГАЙ
|
|
КАҢГАЙ — топоним. 1) Моңголиянын батышындагы тоолуу аймак. Негизги варианттарда калмактардын өлкөсү катары эскерилет; 2) этноним. Эпостун бардык варианттарындагы негизги окуяларда катышып, кыргыздын эпикалык душманы катары берилет; 3) кээде кытай мамлекети катары да айтылып, анын башында Ороңгу аттуу аял кан тургандыгы сүрөттөлөт.
|