ЖОЙКЫНА — эпизоддук кейипкер, кытай баатыры. Таластын суусун бурган тосмону кайтарган алтымыш балбандын башчысы Түктаман: «Коңурбайдан эр экен, Жойкынадан жоон эли, Нескарадан эки эли, Өөдө турган эме экен», — деп Күлчорону сынаганда Ж-ны эскерет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 239).