ЖЕТИ КЫЛЫМ |
1- иклим, Мекке жана Мадина чөлкөмдөрү. 2- иклим, Кудус жана Шам (Дамаска) вилаеттери. 3- иклим, Багдад менен Фейруз дубандары. 4- иклим, Кырым менен Урум (Византия аймактары). 5- иклим, Чин, Мачын жана Кытай калкы. 6- иклим, Көк ордо жана Едил журту. 7- иклим, Самаркан, Бухара, Хорезм чөлкөмдөрү. Кыргыз тилинде, ошондой эле эпосто: 1) доор, заман. 2) аалам, жер жүзү. 3) бүткүл, бардык маанилеринде кеңири жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн өлөрүндө Баймырзага айткан керээзинде: «Жети кылым эл жыйып, Жердин жүзүн чаң кылып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 11),— деп бүткүл жер жүзүндөгү элди ашка чакырбоосун тапшырат. Т. Ташмаматов |
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖЕТИ КЫЛЫМ"?
Ввойти