Меню
Эл-Сөздүк

дүмпүлдөк

волки и овцы (игра).

ДҮМПҮЛДӨК

ДҮМПҮЛДӨК — кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. «Манас» эпосунда: «Сексен келин, сексен кыз Дүмпүлдөк ойноп даң салып» (Курама варианты, «Сейтек», 164),— деп айтылат. Д. оюнун илгери жаштар көбүнчө кечинде, малды короого айдап келгенден кийин ойношкон.

дүмпүлдөк

зат. Эки тарапка бөлүнүп, бири жамынчынын астында жатып, экинчиси аларды чаап, кайтарчуга карматпоого аракеттенип качып ойной турган оюн. Биз бала кезде дүмпүлдөктү көп ойночубуз (Сыдыкбеков). Кечинде балдар болуп, ак чөлмөк ыргытып, дүмпүлдөк сыяктуу түрдүү улут оюндарды ойношту («Жаш ленинчи»).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: