Меню
Эл-Сөздүк

БӨРҮКӨЗ

БӨРҮКӨЗ — эпизоддук кейипкер, кытай баатыры, солоондун каны, Эсенкандын баласы. Манаска Бээжинден кетишинин тарыхын баян эткенде Алмамбет Б-дүн атасы менен Азизкан бир тууган экенин, эли-жеринен кеткенче Б., Коңурбай менен каршылашып жүргөнүн эскерет (Саякбай Каралаев, 2. 103—108). Айрым учурларда гана аты аталганы болбосо, Б-дүн эрдиги сүрөттөлгөн эпизод жок. Кытай жеңилип, Манас Чет-Бээжинге кан болгондо Түп-Бээжинге качып барган Коңурбай Карыканга казатта өлгөн кытай баатырларынын катарында Б-дү айтып өтөт (Саякбай Каралаев, 2. 162).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: