Меню
Эл-Сөздүк

бурут

киргиз (под этим названием киргизы известны у калмыков; сами себя киргизы так называют только тогда, когда речь ведут от лица калмыков; прим. см. абжор).

БУРУТ

БУРУТ — калмактардын, андан кийин кытайлардын кыргыздарды келекелей аташы. Кыргыздар өзүлөрүн бул ат менен эч убакта аташкан эмес. Бирок аларга Б. этноними кеңири маалым. «Манас» эпосунун бардык варианттарында калмак-кытай тарабындагы терс каармандар кыргыздарды ушундай аташат. Айрым окумуштуулар Б-тарды биздин эранын 4-кылымынан баштап Хотан чөйрөсүндө жашаган болу, булу, болюйлар менен окшоштурушат. Мындан тышкары 13-кылымдан тартып Саян-Алтай тоолорунда көчүп жүрүшкөн бурут, буру аттуу элдер жөнүндө маалыматтар бар. Бирок алардын «Манас» эпосундагы жана калмак-кытай тарабынан аталган Б-тарга эч кандай тиешеси жок. Ойрот-калмактар Жунгарияга ооп келгенден кийин (13—14-к.) Чыгыш Тянь-Шанда жашаган кыргыздар менен коңшу көчүп жүрүшкөн.
15-16-кылымдарда негизинен Жети-Суу, Тянь-Шань жана Чыгыш Түркстанда жашаган Моголстан менен калмак бийлөөчүлөрүнүн ортосунда узакка созулган согуштар болуп, аларга кыргыздар да катышкан. Бул мезгилдерде калмактар менен кыргыздарда саясий мамиле туруктуу болгон эмес. Ошондуктан, калмактар кыргыздарга өз тилинде «буруттар» башкача айтканда «күнөөлүүлөр», «чыккынчылар», «башка диндегилер» деген маанидеги жасалма ат берген болушу ыктымал. 19-кылымдан кийин Б. этноними жоюлуп кеткен.
Ө. Караев


Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: