БУРАМБЕК, Бурумбек, Буянбек —эпизоддук кейипкер, Музбурчактын уулу. Атасынын ордуна Бузулган Чамбылга кан болот. Семетей менен замандаш катары эпостун экинчи, үчүнчү бөлүмүнүн айрым эпизоддоруна катышат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 77, 312; Курама варианты, «Сейтек». 45).