БОТО-МОЙНОК — топоним. Манас Алмамбетке алгач жолугарда кырк чоросу менен ууга чыгып, тамаша кылып жүрүп, Көкчөгө тарынып келаткан Алмамбетти көргөн жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 290). Географиялык реалияда Ашмара суусунун башы Кыргыз Ала-Тоосундагы бел.