-
БАЙТЕШЕ
-
Жыгаччылардын аспабы, чот кетмен түспөлдүү керки. Чеберлер мунун эки жагын тең, же бир жагын жыгач сапка ашташат. Бул аспап жоон, жумуру жыгачтардын бетин чуңкурайтып, оюп-чаап иштетүүдө өтө оңтойлуу болот. Байтеше менен усталар көбүнчө ээр чабышат. Табак, сузгу, челек, соку сыяктуу кырма иштерин оюп жасоого оңтою бар.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
БАЙТЕШЕ