|
Аскерий укук
|
|
АСКЕРИЙ УКУК – КР Куралдуу Күчтөрүн түзүү
тармагында, аскерлердин жашоо-турмушун жана ишмердигин уюштурууда коомдук
мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин жыйындысы. А. у. укуктун
комплекстүү тармагы болуп эсептелет, анткени, ал салттуу тармактардагы
(административдик, жарандык, эмгектик, кылмыш-жаза ж. б.) ченемдер менен бирге
атайын аскердик-укуктук актыларды да өз ичине камтыйт. А. у. КР Куралдуу
Күчтөрүнүн түзүлүшүнүн принциптери менен ченемдерин; аскерлерди башкаруунун
негиздерин; КР Куралдуу Күчтөрүн өздүк курам менен жабдуунун жана аскер кызматын
өтөөнүн тартибин; аскерлерди уюштуруунун жана материалдык жана акча каражаттары
менен камсыз кылуу тартибин; командирлердин (начальниктердин) тартиптик бийлигин
жана аскерлердин тартибин чыңдоонун негиздерин; аскер кызматкерлерине жана
алардын үйбүлө мүчөлөрүнө жеңилдик берүүнүн, бааракы жана жөлөкпулдарды
чектөөнүн маңызын жана тартибин;КР Куралдуу Күчтөрүндөгү аскер кызматкерлеринин
жана жарандык персоналдардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин
аныктайт.
|